Жыл башынан тарта 184 миң адам Европага деңиз аркылуу келген

© AFP / ARIS MESSINISДеңиз жээгиндеги качкындар. Архив
Деңиз жээгиндеги качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анткен менен бул аймакка Италия аркылуу киргендер азайып, ал эми Түркия жана Греция аркылуу келгендер арбыган.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. 184 миңден ашуун мигрант өткөн жылдын төрт айында Европага деңиз аркылуу келген. Бул туурасында Миграция боюнча эл аралык уюмдун расмий өкүлү билдиргендигин РИА Новости жазып чыкты.

Аталган уюмдун берген маалыматында, Европа жээктерине Жер ортолук деңизи аркылуу 184 миң 546 адам келип түшкөн. Жолдон каза таап же белгисиз болгондордун саны 1357 кишиге жеткен.

"Ливиянын жээктериндеги жакынкы мезгилдери болгон кемелердин кыйрашын кошкондо да өлүм саны былтыркыга карганда 20 пайызга аз болду", — деп билдирди Миллман.

Анын айтымында, 29-апрелден тарта Ливиянын жээктеринде бир нече кемелер кыйроого учурап, анын кесепетинен 113 адам каза тапкан. Миллман жылдын башынан тарта Европага былтыркыга салыштырмалуу Европага Италия аркылуу келген мигранттардын саны жолдун кооптуулугунан улам азайгандыгын билдирди. Анткен менен бул аймакка Түркия жана Греция аркылуу келгендер арбыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0