Ракка чалдыккан аялга жеке компания 55 млн. доллар төлөмөй болду

CC0 / Joe Gratz / Courtroom One GavelСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компанияны доого жыккан Глориа Ристесанд аталган фирманын тазалык каражаттарын 10 жылдан бери колдонуп келген. Жыйынтыгында рак илдетине чалдыгып, көптөгөн операцияларды башынан кечирген.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Американын Миссури штатынын соту "Johnson&Johnson" (J&J) компаниясын рак илдетине чалдыккан аялга 55 миллион доллар төлөп берүүгө милденттендирди. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине таянуу менен жазып чыкты. 

11 сентябрда Нью-Йорк шаарында жанкечти тарабынан кыйраган имараттар - Sputnik Кыргызстан
АКШ соту Иранды 11-сентябрда өлгөндөрдүн туугандарына акча төлөп берүүсүн милдеттендирди
Компанияны доого жыккан Глориа Ристесанд аталган фирманын тазалык каражаттарын 10 жылдан бери колдонуп келген. Жыйынтыгында рак илдетине чалдыгып, көптөгөн операцияларды башынан кечирген. Жабырлануучу ооруга чалдыгуусуна компаниянын тазалык каражаттары себепкер деген ойдо. 

"Johnson&Johnson" ишканасынын юристи Кэрол Гудрич сот адилетсиз чечим чыгарганын айтып, компания доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрыла турганын кошумчалады. 

Эскерте кетсек, буга чейин да сот аталган компанияны рак илдетинен каза болгон айымдын үй-бүлөсүнө 72 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0