Окумуштуулар кофе менен винонун организмге тийгизген оң таасирин аныкташты

Жазылуу
Изилдөөнүн авторлору алынган анализ уникалдуу экенин белгилешет. Себеби, бул сапар окумуштуулар дени сак адамдарды изилдөөгө алышкан.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кофе менен вино ичүү ичегилердеги пайдалуу ар түрдүү бактерияларды көбөйтөт. Мындай жыйынтыкка голландиялык окумуштуулар келгенин EurekAlert басылмасына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Окумуштуулар алгач ичегилердин флорасы эсептелген бактериялардын ДНКсын изилдешкен. Натыйжада, йогурт көп жеген жарандардын ичегилеринде түрдүү пайдалуу бактериялардын көп болоору аныкталган. Мындан сырткары ушундай эле бактериялардын саны вино менен кофе ичкенде дагы көбөйөрү аныкталган.

"Бактериялардын ар түрдүүлүгү ден соолукка пайдалуу", — деп билдирет илим изилдөөчү Александр Жернаков.

Окумуштуулар алынган анализ уникалдуу экенин белгилешет. Себеби буга чейин ичеги ооруларына чалдыккан гана жарандар изилдөөгө алынса, бул сапар алар дени сак адамдарды изилдешкен.

Мындан сырткары, буга чейин бир гана ДНКнын негизинде изилдөөлөр жүргүзүлүп келсе, мында ар бир бактериянын ДНКсы каралганы маалыматта белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0