Террорчулардан бошотулган Пальмирадыгы тарыхый эстеликтердин абалы жакшы

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПальмирадыгы тарыхый эстеликтер. Архив
Пальмирадыгы тарыхый эстеликтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Пальмира шаарындагы ЮНЕСКО тизмесине кирген тарыхый мурастар "Ислам мамлекети" террорчуларынын колуна өтүп, адистер эстеликтердин абалына кабатыр болуп жатышкан.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. ЮНЕСКО эксперттери "Ислам мамлекети" террорчуларынан бошотулган Пальмирадагы тарыхый эстеликтердин абалы менен таанышыты. Натыйжа күтүлгөндөн жакшы болду деп жазат РИА Новости

Сириядагы Пальмира шаарын Сириянын аскер күчтөрү 2015-жылы террорчуларга алдырып жиберген. Окуя болоор алдында шаардын көпчүлүк тургундарын жана тарыхый буюмдарды алып кетүүгө үлгүргөн. 

Боевики радикального движения Талибан. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Россия Афганистанды террорчулардан куткарууга даяр
Анткен менен террорчулар Триумф аркасын, атактуу Ваала храмын, Афин арстаны аталышындагы эстеликтерди жок кылууга жетишкен. Шаарды бошотуу максатында террорчуларга карата чабуул жасалган учурда алар бардык эстеликтерди жардырууга аракет кылып, бактыга жараша ал оюн ишке ашыра албай калган. 

БУУнун жардамы менен аталган шаарга кирген ЮНЕСКОнун адистери тарыхый баалуулуктардын ал-абалы күтүлгөндөн жакшыраак экенин айтып, алгачкы маалыматтарды таратты. Ал эми эстеликтер тууралуу расмий доклад үстүбүздөгү жылдын июль айында жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0