Хакерлер нью-йорктуктардын дарегин жарыялап, террорчуларды аларга кол салууга чакырды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүРабота за компьютером. Клавиатура. Архивное фото
Работа за компьютером. Клавиатура. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анткен менен агенттиктеги булактардын бири бул маалыматтар анчалык деле коркунуч жаратпай тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмуна байланышы бар хакерлер интернетке Нью-Йорктун жашоочуларынын дарегин жарыялап, террорчуларды аларга кол салууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине таянып билдирди.

Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИМ хакерлери АКШ бийлигинде иштегендердин жеке маалыматтарын уурдаганын айтышты
ФБР кызматкерлери аты-жөнү интернетте пайда болгон жарандарга маалымат берүү үчүн алар менен байланышып чыккан. Анткен менен агенттиктеги булактардын бири бул маалыматтар анчалык деле коркунуч жаратпай тургандыгын айтты. Ал эми алардын бир катары эски болуп чыкккан.

Былтыр "Ислам мамлекети" террордук уюмуна байланышы бар хакерлер интернетке америкалык жүз аскер адамдары боюнча маалыматтарды да жарыялап, террорчуларды аларга кол салууга чакырган.

"Ислам мамлекети" террордук уюму бүгүнкү күндө дүйнөнүн башкы коркунучтарынын бири болуп калууда.Үч жыл ичинде террористтер Ирак менен Сириянын көпчүлүк жерлерин басып алышкан. Алардын катарындагылардын саны ар кандай маалыматтар боюнча 50 миңден 200 миңге чукулдап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0