Малайзияда адам келбеттүү козу туулду

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүУлактар. Архив
Улактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фермер жаңы туулган козу жаныбарга караганда жүндүү наристеге окшош экенин айтып берди.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Малайзияда Фельда шаарчасындагы фермалардын биринде адам келбеттүү козу туулду. Бул тууралуу Улуу Британиянын Тhe Mirror басылмасы жазып чыкты

Ибрахим Басир аттуу жергиликтүү тургун өзүнүн сарайынан көргөн козунун сүрөтүн социалдык тармакка жарыялаган. 

Анын айтымында, козу жаныбарга караганда жүндүү наристеге көбүрөөк окшош. 

"Мен абдан таң калып жатам. Мен адамдын мурду менен кыска буттарын көрдүм. Мунун бардыгы жүндүү наристени элестетет", — деп билдирет 63 жаштагы фермер. 

Уникалдуу козу болгону эки саат жашаган. Сүрөт социалдык тармактарга жарыялангандан кийин козунун денесин сатып алууну каалагандардын саны арбыган. Бирок фермер адистердин изилдөөсүнө берүүнү туура көрүп, Ветеринария кызматына өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0