Атактуу футболчу Самюэль Это’о ак калпак кийип, колуна камчы кармады

© AFP / VALERY HACHEКамерунский футболист, нападающий турецкого клуба "Антальяспор" - Самюэль Это’о
Камерунский футболист, нападающий турецкого клуба Антальяспор - Самюэль Это’о - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Антальяспор клубунда ойноп жаткан Самюэль Это’о кыргызстандык жаш футболчулар тарабынан эсте каларлык белек алды.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Атактуу футболчу Самюэль Это’о ак калпак кийип, колуна камчы кармады. Бул тууралуу Түркиянын Posta басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаш футболчулар 26-апрелде Это’онун Анталья шаарындагы машыгууларынан кийин ага күтүлбөгөн белек тартуулашкан.
Кыргызстандык жаш футболчулар (U12) эл аралык "Selimiye 2016" турнирине катышкан. Алар "Фенербахче", "Картал", "Чакмак" жана "Башакшехир" командалары менен бир тайпада болгону менен үчүнчү орунду алып, кийинки беттештерге чыга алган эмес.

"Это’онун машыгууларына күбө болгон кыргызстандык жаш футболчулар (U12) ага калпак кийгизип, колуна камчы карматышты. Сүрөткө түшкөндөн кийин Это’о жаш футболчуларга кол тамга берди", — деп жазат аталган басылма.

Самюэль Это’о Фис 1981-жылы Камерунда төрөлгөн. Учурда Супер Лиганын алкагында Антальяспор клубунда ойноп, команданын капитаны болуп саналат.

Краснодарда таразага түшүү аземинде Рой Жонс (кичүүсү). Архив - Sputnik Кыргызстан
Юрий Гагаринден Рой Жонско чейин. Ак калпак мырзаны көркүнө чыгарат
Ал буга чейин Real Madrid клубунда ойногон. Аталган клубга 1997-жылы трансфер болгону менен Real Madrid "B" командасында машыгууларын өткөргөн. Бирок Real Madrid "B" командасы Европа лигасынын статусунда болбогондуктан ал экинчи лигага өткөн. Жыйынтыгында 1997-1998-жылдары Leganés клубуна келген.

Ал "Барселона" клубунда ойноп жүргөн мезгилинде эмнеге шыктуу экенин көрсөтө алган. Бул клубга 2004-жылы келген. 2006-2009-жылдары командасы менен бирге Чемпиондор лигасынын чемпиону болгон. 

Это’о өзүнүн карьерасын кийин Бунёдкор, Интернационале, Анжи, Челси

Эвертон, Сампдория клубдарында уланткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0