АКШ "Ислам мамлекетинин" 500 млн. доллар сакталган банкын жок кылды

© AP Photo / Hadi Mizban"Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги. Архив
Ислам мамлекети террордук уюмунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Генерал сокку уруу тынч тургундардын жабырлануусуна алып келгенин моюнга алды.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. АКШ Ирактагы Мосул шаарында авиа сокку уруп, "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жарым миллион долларга жакын каражаты сакталган банкын жок кылды. Бул тууралуу террордук уюмга каршы күрөшүү операциясынын башчысынын орун басары генерал-майор Питер Герстен билдирди. 

"Ар кандай божомолдонуп жатат. Менин укканым боюнча банкта 300дөн 800 миллионго чейин доллар болгон. Орточо эсеп менен 500 миллион деп жатабыз", — деп билдирет Герстен.

Генерал банкты талкалоодо колдонулган айрым ыкмалар менен бөлүштү. Анын айтымында, акча сакталган жайда аял менен өспүрүм балдар жашары белгилүү болгон. Алардын коопсуздугун сактоо үчүн АКШнын аскерлери аларды мажбурлоо иретинде үйдөн чыгарууга аракет жасашкан. 

"Биз Hellfire ракетасынын жардамы менен имараттын чатырын гана талкаладык. Себеби, аял менен балдар үйдү таштап кеткенин текшерүү керек эле. Андан кийин башка операцияларды жүргүздүк", — дейт Герстен. 

Ошентсе да генерал сокку уруу тынч тургундардын жабырлануусуна да алып келгенин моюнга алды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0