Норвегия өлкөдөн чыгып кеткен качкындарга акча төлөөгө даяр

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүЧек арадагы качкындар. Архив
Чек арадагы качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай ыкма менен бийлик бозгундардын аталган өлкө аймагынан тез арада чыгып кетүүсүнө өбөлгө түзүп берүүнү көздөйт.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Норвегия бийлиги аталган өлкөдөн чыгып кете турган качкындарга акча төлөп берүүгө даяр. Бул тууралуу NRK телекомпаниясы миграция министри Сюльви Листхаугга шилтеме берүү менен жарыялаганын РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, өлкөнү өз каалоосу менен 1,5 айдын ичинде таштап кетүүгө даяр качкындарга Норвегия бийлиги 30 миң крон (3,6 миң доллар) төлөп берүүгө даяр. 

"Миграция боюнча башкармалык өлкөнү таштап кетүүгө даяр болгон алгачкы 500 качкынга кошумча 10 миң крон төлөп берүүгө даяр. Буга чейин 20 миң крон сунушталып келген", — деп айтылат маалыматта. 

Министрдин айтымында, мындай ыкма качкындарды өлкөдөн эртерээк чыгып кетүүсүн шарттайт. 

Ал эми эки балалуу үй-бүлөлөргө учакка төлөнгөн билеттен сырткары 80 миң крон (9 миң доллар) төлөнүп берилери маалыматта белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0