"Жер ортолук деңиз" диетасы жүрөгү ооругандардын инфаркт болуу ыктымалдыгын азайтат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кардиологдор "жер ортолук деңиз" диетасынын жүрөк менен кан тамырларга бере турчу өзгөчө таасирин табышты.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Жер-жемишти жана балыкты такай жеген жүрөгү оорулуулардын инфаркт болуу ыктымалдуулугу азая турганы European Heart Journal басылмасына жарык көргөн илимий макалада айтылат.

"Биз жүрөк оорусун пайда кыла турчу азыктарды тизмеден чыгарганда "жер ортолук" диетасынын азык-түлүгү жүрөк-кан тамыр ооруларын 7 пайызга азайтары белгилүү болду", — дейт Окленд университетинин өкүлү Ральф Стюарт.

Адис: көчөдө сатылган жүгөрү, вата, конфеттерден сарык оорусун жуктуруп алса болот
Изилдөө алдында окумуштуулар ыктыярчылар арасында кайсыл тамак жүрөккө жардам берет деп сурамжылоо жүргүзгөн.

Алар кишилерди үч топко – "жер ортолук деңиз" диетасы менен тамактангандар, тең салмактуу тамак ичкендер жана жана "ден соолукка" зыян делген азыктар менен тамактангандар деп бөлгөн.

Төрт жылдан кийин кайтадан жүргүзүлгөн изилдөөдө "жер ортолук деңиз" диетасы менен тамактангандар арасында жүрөк-кан тамыр оорусу менен ооругандар башкаларга салыштырмалуу 40 пайызга аз экенин аныкташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0