Сирияда Белоруссия менен биргелешкен илимий-техникалык борбор ачылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДамаск шаары, Сирия. Архив
Дамаск шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматташуунун алкагында эки өлкөнүн студенттери практикадан өтүп, профессорлук-окутуучулук курам тажрыйба алмашат.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Белоруссия менен биргелешкен илимий-техникалык борбор Хомс шаарындагы Баас мамлекеттик университетинин аймагында ачылат. Бул туурасында РИА Новости агенттигинин кабарчысы жеринен маалымат берди.

"Биз Сирия менен Белоруссиянын кызматташып, жакын болушу үчүн көп эмгек жумшадык. Жалпы борбордун ачылышы бүгүн көп тармактуу кызматташуунун жерпайы болуп калат деген ишеним бар. Кризис учурунда Россия, Кытай, Иран жана Индия сыяктуу мамлекеттер менен достук алаканы бекемдөө биз үчүн өтө маанилүү", — деп айтып берди Сириянын жогорку билим берүү министри Мохаммед Амер Аль-Мардини.

Сириядагы Белоруссия элчиси Александр Пономарев мурдагы болуп келген катыштар Сириядагы кризис учурунда үзүлүп калып, эми кайрадан жандана баштагандыгын билдирди.

"Баас мамлекеттик университети менен мурдатан кызматташып келгенбиз, бирок, ал Сириядагы акыркы жылдардагы окуялардан улам үзүлүп калган. Биздин Мамлекеттик жана Илимий-техникалык университети менен жогорку окуу жайлар аралык макулдашууларыбыз бар", — деди элчи Пономарев.

Белоруссия менен кызматташкан илимий-техникалык борбор Сирияда тунгуч ирет ачылып отурат. Кызматташуунун алкагында эки өлкөнүн студенттери практикадан өтүп, профессорлук-окутуучулук курам окутуунун ыкмаларын жана маданий-социалдык мамилелерди өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0