Кытайда маймыл кишини таш менен башка чаап өлтүрдү

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүМаймыл. Архив
Маймыл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эс алуу багында сейилдеп жүргөн Венг Маого маймыл таш ыргыткан.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кытайдагы ири компаниянын жетекчиси Венг Мао башына тийген таштан улам каза болду. Бул тууралуу Кытайдагы CCTV телеканалы өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, 67 жаштагы кытайлык жаран Юнтай тоосундагы эс алуу багында жүргөндө аны көздөй маймыл таш ыргыткан. Башынан алган жарааттан улам Венг Мао каза болгон. 

Телеканал учурда Юнтай тоосундагы эс алуу багы убактылуу жабылганын, ал аймакта жапайы маймылдар жашай турганын кабарлайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0