Афганистанда он согушкер өздөрү койгон жардыргыч затка жарылып өлдү

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСогушкер. Архив
Согушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согушкерлер Газни провинциясындагы Андар районунда мечитте жарыла турган заттардан атайын каражаттарды жасашкан.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Афганистандын Газни провинциясында бери дегенде эле 10го чукул согушкер өздөрүнүн колунан чыккан жардыргычтан өлдү. Бул туурасында Khaama агенттигинин маалыматына таянып, РИА Новости жазды.

Кабулдагы жардыруудан каза болгондордун саны 28ге жетти
Маалыматтарда, согушкерлер жардыргычты Андар районундагы мечитте жасаганы айтылган.

Акыркы айларда Афганистанда абал бир топ курчуп кетти. "Талибан" радикалдык кыймылы мурдатан өлкөнүн айыл жерлерин басып алган болсо, эми ири шаарларды өзүнө карата баштады. Андан сырткары "Ислам мамлекети" террордук уюмунун да таасири күч алууда деп айтылат маалыматта.

Жаңылыктар түрмөгү
0