АКШ "Ислам мамлекетине" каршы биринчи ирет B-52 бомбалоочу учагын колдонду

© Sputnik / Александр Поляков / Медиабанкка өтүүСтратегиялык B-52 бомбалоочу учагы. Архив
Стратегиялык B-52 бомбалоочу учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал учак террористтердин курал сактаган кампасын талкалаган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. АКШ Ирактагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы стратегиялык B-52 бомбалоочу учагын колдонгонун РИА Новости жазып чыкты. 

АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскерлеринин командири Стивен Уоррен учак 

дүйшөмбү күнү Кайар шаарындагы кампаны бутага алганын билдирди. 

"Бул учак мындай аткылоолорду алдыда көп жасайт. Бомбалоочу учак так жана таамай атат",— дейт Уоррен. 

B-52 бомбалоочу учагы 1955-жылдан бери АКШнын куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктап келет. Ал эң күчтүү кыйраткыч катары эсептелет. 

Мурдараак АКШ "Ислам мамлекетине" карата B-1 бомбалоочу учагын колдонгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0