Пенсионер аял "Дон Кихот" романын 17 миң твитке батырды

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүБрюсселдеги Дон-Кихоттун эстелиги. Архив
Брюсселдеги Дон-Кихоттун эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
55 жаштагы испан аял күн сайын 28 твитти 10 жыл бою жарыялап келген.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Мурда программист болуп иштеген испаниялык пенсионер аял "Дон Кихот" романын 16 миң 935 твитке бөлүп жарыялаганын Вusiness Insider булагы билдирет. 

"Дон Кихот" романы Мигель де Сервантестин калемине таандык.

"Көркөм чыгарманы микроблогдорго бөлүп жазуу идеясы пенсионерге 2004-жылы август айында келген", — деп жазат аталган басылма.

Ал Twitter баракчасына @elquijote1605 деген ат менен катталып, аталган романдан күн сайын 28 твит чыгарып турган. 

Учурда пенсионердин 7500дөн ашык жазылуучусу бар. Алардын катарын Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой да толуктайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0