Кытай жаңы баллистикалык ракетасын сынап көрдү

© flickr.com / poeloqКытайдын желеги. Архив
Кытайдын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын бул кадамынан улам Вашингтондун кооптонуусу айтылууда.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кытай континенттер аралык жаңы баллистикалык (МБР) "Дунфэн-41" (DF-41) ракетасын сынап көрдү. Бул тууралуу РИА Новости Washington Free Beacon басылмасына таянуу менен жазып чыкты. 

АКШ куралдуу күчтөрү жаңы ракета 10 миң чакырым жердеги нерсени жок кылууга күчү жетерин айтып, жарым саатта АКШнын каалаган бурчундагы бутага тийгизе аларын белгилешүүдө. 

Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай компаниясы Казарман каскадына ГЭС куруга кызыкдар
Ракетанын учурулушу АКШнын спутник көзөмөлү аркылуу байкалган. 

Буга чейин Kanwa Asian Defence журналы Кытай өлкөсү дүйнөдөгү эң узакка жетчү жана күчтүү делген ракетасын 2016-жылы сынап көрөрүн жазган. 

Кытай өлкөсүнүн Япония, Филиппин, Вьетнам республикалары менен деңиз чек аралары боюнча талаш маселелери көп жылдан бери чечилбей келет. Мындан улам Кытай аталган өлкөлөр аймактагы абалды чыңалуусуна жол бербөө үчүн атайылап АКШнын колдоосуна таянарын билдирген.

Вашингтон Кытайдын жаңы куралы кошуналарына жана АКШга коркунуч жаратат деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0