БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. АКШ президенти Барак Обама Американын улуттук чалгындоосунун директору Жим Клэппер 2001-жылы 11-сентябрда болгон терактыны изилдөө боюнча топтолгон документти жарыялоо канчалык коопсуз экени тууралуу чечим кабыл аларын айткан. Бул тууралуу РИА Новости CBS каналына шилтеме берүү менен билдирди.
Обама28 барактан турган документте эмнелер жазылганы боюнча үстүртөн билерин, бирок, жарыялоо же жарыялабоо тууралуу чечимди Жим Клэппер кабыл аларын аталган каналдагы маегинде билдирген.
АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы терактыга чейин жана андан кийин тийиштүү органдар кандай аракеттерди көргөнү боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарган.
Белгилей кетсек, 2001-жылы 11-сентябрда "Аль-Каида" террордук тобу жүргүнчү ташыган учактарды басып алып, алар менен Дүйнөлүк соода борборунун эки имаратын кыйраткан. Ошондой эле Пентагонду да бутага алышкан. Бул терактыдан 3 миңден ашык киши каза болгон.