Окумуштуулар: майлуу сүт азыктары диабетти басаңдатып, балдарды семиртпейт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДүкөндөгү сатып алуучу. Архив
Дүкөндөгү сатып алуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулардын изилдөөсү сүт азыктарынан башка суусундуктарды ичкен жарандарда ашыкча салмак менен экинчи типтеги диабеттин пайда болушун көрсөткөн.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Йогурт, айран, сүт, сыр жана башка майлуулугу жогору болгон сүт азыктарын колдонуу диабеттин өрчүшүн басаңдатат. Бул тууралуу РИА Новости Circulation журналына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, АКШдагы Виргиния университетинин окумуштуулары изилдөө жүргүзүп, ага үч миңден ашуун адам катышкан.

"Көп убакыт бою майлуу сүт азыктары ден соолукка зыян деп ойлоп келгенбиз. Бирок, сыягы андай эмес окшойт. Сүттү көп ичкен балдар көп семирбейт. Ал эми чоң адамдарда диабет менен оору коркунучу 50 пайызга төмөндөөсү байкалды", — деп билдирет окумуштуу Марк Дебир. 

Окумуштуулардын изилдөөсү сүт азыктарынан башка суусундуктарды ичкен жарандарда ашыкча салмак менен экинчи типтеги диабеттин пайда болушун көрсөткөн.

Сүт азыктарынын мындай таасири эмнеден улам болуп жатканы азырынча белгисиз. Бирок, окумуштуулардын божомолу боюнча майлуу сүт азыктары тоюмдуу келип, көпкө тамактанбай жүрүүгө шарт түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0