Кытайда коррупция боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуунун критерийлери коюлду

© AP Photo / Andy WongКытай мамлекетинин желеги. Архив
Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш жүзүнө келгенде сот тергөөнүн жүрүшүнө жардам берген айыпталуучуларга аз да болсо ырайым кылат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Казынанын акчасына суук колун салган же 463 миң доллардан өйдө пара алган мамлекеттик кызматкерлер келтирген ири зыяны үчүн дароо өлүм жазасына тартылат. Бул туурасында Синьхуа маалымат агенттиги жазды.

Мындай маалыматты камтыган документ Кытайдын Элдик Жогорку прокуратурасы менен Элдик Жогорку Сотто жарыя кылынды.

Кытайда өлүм жазасына тартуу кантип ишке ашат. Учурдагы жана архивдик сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Кытайда өлүм жазасына тартуу кантип ишке ашат. Учурдагы жана архивдик сүрөттөр
Өлүм жазасына тартылган кишиге сот жеңилдетүүчү учурларды эске алып, аны аткарууну эки жылга жылдырган өкүм чыгарышы мүмкүн. Иш жүзүнө келгенде сот тергөөнүн жүрүшүнө жардам берген айыпталуучуларга аз да болсо ырайым кылат.

Өлүм жазасы өтө катаал өкүм деп эсептелген учурда, күнөөлөнүп жаткандардын мөөнөтү кыскарбай же абактан эрте бошотулбай, өмүр бою түрмөгө отуруу жазасына тартылышы мүмкүн. 

Документте кылмыш жообуна тартыла турган коррупционерлердин мыйзамсыз делген кирешелери белгиленген. Алгачкы сумма — 30 миң юанга чейин, ири көлөмдөгүсү 200 миңден 3 миллион юань, ал эми өтө ири дегени 3 миллион юандан өйдө деп аныкталган.

Документтерге ылайык, Кытайдын сот органдары паракорлукка жазаны айып пул түрүндө да салат. Ал үчүн айып пулдардын деңгээли аныкталып, башка кылмыштарга караганда катаал болот. Мыйзамсыз жол менен табылган каражат менен мүлктөрдүн бардыгы конфискацияланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0