Дохадагы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай, мунайга болгон баа 6%га төмөндөдү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүНефть өндүрүүчү жай. Архив
Нефть өндүрүүчү жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мунайга болгон баанын 6,8 пайызга төмөндөшү АКШда дагы байкалган. Бул Дохадагы мунай өндүрүү иштерин тоңдуруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн ийгиликсиз өткөндүгүнө байланыштуу болду.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Лондондогу Brent үлгүсүндөгү мунайга болгон соодалашуу баанын алты пайызга төмөндөөсүнө алып келди. Бул тууралуу РИА Новости Bloomberg агенттигине шилтеме берүү менен жарыялады.

Кыргызстан бензини арзан 18 өлкөнүн катарына кирди
Мунайга болгон баанын 6,8 пайызга төмөндөшү АКШда дагы байкалган. Бул Дохадагы мунай өндүрүү иштерин тоңдуруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн ийгиликсиз өткөндүгүнө байланыштуу болгону белгиленет.

Өткөн жекшемби күнү Дохада чогулган бир катар мамлекеттердин өкүлдөрү мунайды өндүрүү көлөмүн азайтуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок бир пикирге келе алышкан эмес.

Мунайды өндүрүү көлөмүн азайтуу боюнча маселени кароого багытталган келерки жыйын июнь айында Венада өтүүсү күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0