Перуда автобус 30 метр бийиктиктен кулап, 24 адам каза болду

© flickr.com / Ian ArmstrongПерунун Паско аймагы. Архив
Перунун Паско аймагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгондордон сырткары 29 адам оор жаракат алган. Куткаруучулар биринчи жардам көрсөтүүдө.

БИШКЕК, 17-апр.— Sputnik. Перуда автобус кырсыкка учурап, андан 24 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Перунун Паско аймагында автобус 30 метр бийиктиктен кулаган. Кырсыктан 24 адам каза болуп, 29 адам оор жаракат алган.

Куткаруучулар кырсык болгон жерде жардам көрсөтүшүүдө, бирок аба ырайынын начардыган улам куткаруу иштеринде кыйынчылыктар жаралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0