Тоолуу Карабахтан чектешкен тилкеде от атылып, жоокер жарадар болгонун билдирди

© PAN Photo / Медиабанкка өтүүТоолу Карабахтагы кыйрагын үйлөр. Архив
Тоолу Карабахтагы кыйрагын үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карабах чатагы 2-апрелде башталып, бирок, 5-апрелде гана атышууну убактылуу токтотуу боюнча мунасага келишкен. Азербайжандын Коргоо министрлиги да, Армения да бири-бирин келишимди бузду деп келет.

БИШКЕК, 16-апр. – Sputnik. Өз алдынчалыгы тааныла элек Тоолуу Карабах Республикасы тилкелеш Азербайжан тараптан ок атылды деп кабарлады. 

"Атышууну убактылуу токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө карабай, тилкенин түндүк багытында (Талыш аймагында) Москва убактысы менен алганда түнкү бирден 15 мүнөт өткөндө чыр чыкты. Анын кесепетинен Гагик Хуршудян аттуу жоокер ийининен жаракат алган",— деп билдирди алардын маалымат кызматы.

Аталган тараптын Коргоо министрлиги Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн аракеттерине карата алдын алуучу чаралар көрүлгөндүгүн айтышты.

"Ишембиге караган түнү чектешкен тилкелердин алдыңкы аймактарында инженердик иштер жүргүзүлгөн учурда азербайжан жоокеринин өлүгү табылган",— деп кабарлады маалымат кызматы.

Карабах чатагы 2-апрелде башталган. Азербайжандын Коргоо министрлиги ок атууну Армения баштады десе, Армения Азербайжан баскынчылык аракетин кылды деп билдирген. БУУнун маалыматы боюнча чыр-чатактын айынан 33 адам каза болуп, дагы 200ү жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0