Азербайжан атышууну токтотуу келишимин Армения 118 ирет бузганын билдирди

© Sputnik / Медиабанкка өтүүТоогул Карабахтагы абал. Архив
Тоогул Карабахтагы абал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабахтын айынан 1988-жылдын февралынан бери чатакташып келет. Карабах чатагы 2-апрелде кайрадан тутанган.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Азербайжандын Коргоо министрлиги ишембиде Тоолуу Карабах менен чектешкен аймакта атышууну убактылуу токтотуу келишимин Армения тарап 118 ирет бузганын кабарлады.

"Буга чейинки сүйлөшүүлөргө карабай, Карабах менен чектешкен жерде армяндар тарабынан бир суткада келишим 118 ирет бузулду",— деп билдирди аталган ведомствонун маалымат кызматы.

Коргоо министрлиги кырдаал жогорудагыдай жагдайга өткөн соң, Азербайжан куралдуу күчтөрү 120 ирет жооп кайтаргандыгын билдирди.

Азербайжан менен Тоолуу Карабах ок атууну токтотконун жар салды
Карабах чатагы 2-апрелде башталган. Азербайжандын Коргоо министрлиги ок атууну Армения баштады десе, Армения Азербайжан баскынчылык аракетин кылды деп билдирген. БУУнун маалыматы боюнча чыр-чатактын айынан 33 адам каза болуп, дагы 200ү жаракат алган.

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабахтын айынан 1988-жылдын февралынан бери чатакташып келет. Анда армян эли басымдуулук кылган Карабах автономиялуу облусу Азербайжандын курамынан чыкканын билдирген. 1991-жылдын сентябрь айында борбор калаа болгон Степанакертте Тоолуу Карабах Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган. Азербайжан андагы аскерий чыр-чатактан кийин Карабахка көзөмөл кыла албай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0