Окумуштуулар ким канча жашында инсульт аларын алдын ала аныктаган генди табышты

© Sputnik / Алекс Аминев / Медиабанкка өтүүИлимий лаборатория. Архив
Илимий лаборатория. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
FoxF2 гени аркылуу эмне себептен айрымдар эрте инсультка кабыларын аныктаса болорун окумуштуулар билдирүүдө.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Швециядагы Гётеборг шаарында окумуштуулар тобу адам организминен ген табышты. Ал аркылуу алдын ала адамдардын инсульт алуу коркунучу канчалык деңгээлде жогору экенин аныктап койсо болот. Бул тууралуу Göteborgs-Posten швед гезити жарыялаганын РИА Новости жазып чыкты.

Табылган генге FoxF2 деген ат берилди. Ал ар бир жарандын организминде бар. Бирок, инсультка эрте кабыла турган адамдардагы бул ген айрым өзгөчөлүктөргө ээ. Окумуштуулардын айтымында, мындай айырмачылык инсульт алуу коркунучу канчалык деңгээлде жогору экенин көрсөтө алат. 

"Узак жашаган адамдар эртеби-кечпи инсульт алышат. Бирок, эми айрымдар эмне себептен инсультка эрте кабыларын аныктаса болот”, — деп Химия жана молекулярдык биология институтунун окумуштуусу Петер Карлссон билдирет.

Гендин аныкталышы медицинадагы чоң жетишкендик экенин окумуштуулар белгилейт. Себеби, ал аркылуу мээнин тамырларына кам көрүүгө дарыларды чыгарууга шарт түзүлөт.

"Инсульт коркунучун алдын ала аныктоо — жарандарга өзүнө кам көрүүгө түрткү берет. Мисалы, аталган дартка чалдыгуу коркунучу жогору экенин билген адам тамекини таштап, спорт менен машыга башташы мүмкүн", — деп кошумчалайт Петер Карлссон.

Ошол эле учурда азыр аталган гендин бар-жогун аныктоо үчүн байтапканага чуркоо эрте экенин профессор белгилейт. Себеби, табылган гендин кайсы түрү мээнин тамырларына таасир этери толук аныктала элек. Бирок, бул изилдөө жакынкы аралыкта жыйынтык берерин окумуштуулар баса белгилешет.

Инсульт — бул мээдеги кан айлануу системасынын одоно бузулушу. Ал адамды эс-учунан тандырып, өлүмгө да алып келиши ыктымал.

Инсультту кантип таанып, кантип алдын алууга болору тууралуу Sputnik агенттиги даярдаган инфографикадан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0