"Ислам мамлекети" Бразилиядагы Олимпиадада теракт жасай турганын билдирди

© AP Photo / Hadi Mizban"Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги. Архив
Ислам мамлекети террордук уюмунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жайкы олимпиадалык оюндарга 500 миң туристтин келиши күтүлүүдө. Ал эми коопсуздукту сактоо үчүн 85 миң күч кызматкери тартылат.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюму жай айларында Бразилияда өтө турган олимпиадалык оюндарда теракт жасай турганын билдирди. Бул тууралуу Рейтерс агенттиги жазып чыкты.

Брюсселде террордук чабуул жасоого шектелген алты адам кармалды
"Бразилия — кийинки бутада силерсиңер". Мындай билдирүүнү Twitter социалдык тармагына ИМдин мүчөсү Максим Ошара (Maxime Hauchard) жазып чыкканы белгиленет.

Бразилиянын терроризмге каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Луиз Альберто Саллаберри олимпиадалык оюндардын ачылышы жакындаган сайын коркунуч жаралып жатканын билдирди.

Маалымат агенттиги жазгандай, жайкы олимпиадалык оюндарга 500 миң туристтин келиши күтүлүүдө. Ал эми коопсуздукту сактоо үчүн 85 миң күч кызматкери тартылат.

Олимпиадалык оюн 5-21-август күндөрү Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөрүлөт. Анда 306 медаль комплектиси спорттун 28 түрү боюнча ойнотулат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0