Кыргызстандыкты өлтүрүүгө шектелип Россиянын жараны тааныштары менен кармалды

Жазылуу
Борбор калаадагы Кичи Чүй каналынын алдындагы көпүрөдөн 40-45 жаштардагы кишинин сөөгү табылып, анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Киши өлтүрүү фактысын иликтеген Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы Токмок шаарынын 36, Бишкектин 34 жана Россиянын Челябинск облусунун 35 жаштагы жаранын шектүү катары кармаган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Бычак кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын тургунун өлтүрдү делген жаран кармалды
Белгилей кетсек, Свердлов РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги Кичи Чүй каналынын алдындагы көпүрөдөн 40-45 жаштардагы азиат улутундагы кишинин сөөгү табылганы боюнча маалымат келген. Окуя болгон жерге келген милициялар жарандын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Тергөө учурунда маркумдун 36 жаштагы Алмаз аттуу жаран экени такталган.

Атайын иликтөөдө маркум кылмышка шектүү деп табылган тааныштары менен арак ичип, кызганычтын айынан чатакташып мушташканы белгилүү болгон. Учурда шектүүлөр кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0