Окумуштуулар: күнгө чыкпаган балдар алысты жакшы көрбөй калат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКөз айнекчен бала. Архив
Көз айнекчен бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш балдардын компьютерде же сыналгыда көп отурганы, албетте, көзүнө зыян келтирет. Бирок, изилдөөлөр көрсөткөндөй жаш балдардын алысты көрбөй калуусунун себеби башкада.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жаш балдардын көзү алысты жакшы көрүү үчүн аларды бир күндө эки саат таза абада сейилдетиш керек. Мындай тыянакка QUT офтальмология мектебинин директору, профессор Скотт Рид изилдөөдөн кийин келгенин РИА Новости ScienceDaily басылмасына таянуу менен кабарлайт. 

Окумуштуу Австралиядагы конференцияда жаш балдардын көзү компьютерден же сыналгыны көп көргөндөн эмес, табигый жарыктын жетишсиздигинен улам бузуларын билдирди. 

"Жаш балдардын компьютерде же сыналгыда көп отурганы, албетте, көзүнө зыян келтирет. Бирок, изилдөөлөр көрсөткөндөй жаш балдардын алысты көрбөй калуусунун себеби башкада", — дейт Рид. 

Анын айтымында, жаш балдар табиятта көп жүрсө көзү курч болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0