Окумуштуулар океандын алдындагы жер кыртышта жашаган микроорганизмдерди табышты

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүОкеан. Архив
Океан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атлантика океанында жашаган микроорганизмдер башка аймактагыларга салыштырмалуу бир топ айырмаланары Чикаго университетинин алдындагы Деңиз биологиясы лабораториясынын расмий сайтында маалымдалды.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Америкалык гидробиологдор океандын алдындагы жер кыртышында жашаган микроорганизмдерди табышты. Бул тууралуу Чикаго университетине караштуу Деңиз биологиясы лабораториясынын расмий сайтында маалымдалды. Толук изилдөө Nature илимий басылмасына жарыяланды.

Окумуштуулар океандын алдындагы жер кыртышында жашаган микроогранизмдерды табышты. Алар Орто-Атлантикалык кыртыштын батыш тарабында. Илимпоздор микроорганизмдер аэроб түрүнө кире турганын айтышат. Алар океандын алдындагы муздак сууда жашоого ыңгайлашканы менен буга чейин табылган нерселерден кескин айырмаланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0