БУУ Коопсуздук кеңешинде РФтин сириялык сүйлөшүүлөр боюнча билдирүүсүнө бөгөт коюлду

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүБУУнун имараты. Архив
БУУнун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва Коопсуздук кеңешинин батыштагы мүчөлөрүнүн жогорудагыдай кадамына таңгалганын билдирди. РФтин БУУдагы өкүлү Чуркин буга украиналык делегация өзүнүн салымын кошконун айтты.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Москванын БУУ Коопсуздук кеңешине Женевада боло турган кезектеги сүйлөшүүлөргө чакырылчу басма сөз каражаттары үчүн киргизген билдирүүсүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу РФтин БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин билдирди. 

Дипломат сириялык күрддөр Женевадагы сүйлөшүүлөргө чакырылбаганына тынчсыздануусун билдирип, бул БУУнун резолюциясына каршы келерин айтты.

"Бул долбоорго батыштын бир катар мамлекеттери тарабынан бөгөт коюлганына таңгалдык. Буга украиналык делегация өзүнүн салымын кошту", — деп айтылат россиялык атайын өкүлчүлүктүн берген комментарийинде.

Ал мындай позицияны түшүнө албай тургандыгын кошумчалады.

"Адатта биздин батыштык өнөктөштөр Коопсуздук кеңешинин резолюциялары кыйшаюусуз аткарылышы керектигин айтып келишет. Бул айныксыз нерсе, муну кандай кырдаал болбосун аткаруу зарыл", — деди ал.

Дипломат сүйлөшүүлөр процессинде сириялык коомчулуктун толук катышуусу өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди. Ал алдыда болуучу кеңешүүлөрдө "Сириянын саясий системасынын түзүмүнө байланышкан маселелердин талкууланышы күтүлөрүн" айтты. 

БУУ: Карабах чатагынан каза болгондордун саны 33кө жетти
Сирия аралык сүйлөшүүлөр Женевада 14-мартта жанданган. Кеңешүүлөр эки апта жүрүп, ага күрддөр катышкан эмес. Өкмөт менен оппозиция өкүлдөрүнүн делегацияларынын ортосундагы түз сүйлөшүүлөр болгон эмес. Кезектеги сүйлөшүү 11-апрелде болорун БУУ тастыктады. 

Мурда күнү Москвага БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура келип, Россия ТИМи Сергей Лавров менен жолуккан. Европалык дипломат Тегеран, Дамаск жана Эр-Риядга барат.

27-февралдан тарта Сирияда согуш отун токтотуу келишими түзүлгөн. Бирок, бул БУУнун чечими менен террористтик мүнөздөгү уюм деп табылган "Ислам мамлекети", "Жабхат ан-Нусра" террориститк уюмдарга жана ага тектеш бирикмелерге аёо болбойт. Алар аскердик авиациянын бутасынан четте калбайт.

Сирияда 2011-жылдын мартынан бери куралдуу кагылыш жүрүп, анын кесепетинен 220 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Өкмөттүк күчтөргө ар кандай топторго таандык согушкерлердин топтору каршылык көрсөтүүдө. Алардын ичинен эң активдүүсү катары "Ислам мамлекети" менен "Жебхат ан-Нусра" топтору белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0