Азербайжан менен Тоолуу Карабах ок атууну токтотконун жар салды

© PAN Photo / Медиабанкка өтүүМартакерт айылы. Архив
Мартакерт айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согуштук аракеттер жергиликтүү убакыт боюнча саат 12.00дө токтотулганын тараптар билдирди. Жарашуу ЕККУнун Минск тобунун жыйынында Карабах маселеси көтөрүлгөнүнө байланыштуу болду.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Азербайжан жана таанылбаган Тоолуу Карабах республикасы (ТКР) төрт күнгө созулган согуштук аракеттерден кийин ок атууну токтотконун билдиришти. 

Кыргызстан Карабахтагы абалды чечүүгө жардам көрсөтүүгө даяр
Биринчи болуп бул тууралуу ТКР жар салса, андан соң муну Азербайжан тастыктады. Мындан тышкары, Тоолуу Карабахтын өкмөтүндөгү булак ок атууну токтотуу боюнча эки тараптуу макулдашуу даярдалып жатканын белгилеген.

Эскерте кетсек, карабах чатагы 2-апрелде башталган. Азербайжандын Коргоо министрлиги ок атууну Армения баштады десе, Армения Азербайжандын баскынчылык аракети тууралуу жар салган. БУУнун маалыматы боюнча чыр-чатактын айынан 33 адам каза болуп, дагы 200ү жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0