"Р-Спорт" хоккей боюнча дүйнө чемпионатына карата атайын долбоорду ишке киргизүүдө

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүХоккей оюнчулары. Архив
Хоккей оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионаттын жаңылыктарынан тыш аталган агенттик белгилүү хоккейчилер менен маектерди жана эксклюзивдүү материалдарды тартууламакчы.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. "Россия сегодня" медиатобунун спорт жаңылыктарынын "Р-Спорт" агенттиги 6-майда Россияда баштала турган хоккей боюнча дүйнө чемпионатына карата атайын долбоорду ишке киргизет.

Социалдык навигатор — абитуриенттер жана ата-энелер үчүн жаңы ресурс
Таймаштын бардык жаңылыктары, эксклюзивдүү маектер, репортаждар, эксперттердин пикири, турнирдин каармандары жана мелдештин сүрөттөрү 4-апрелден тарта агенттиктин сайтында жеткиликтүү болот. 

Чемпионат 6-22-май күндөрү Москва жана Санкт-Петербург шаарында өтөт. Россиялыктар өз тайпасында Швеция, Чехия, Швейцария, Латвия, Норвегия, Дания жана Казакстандын хоккейчилери менен беттешет.

Агенттиктин башкы редактору Василий Коновдун айтымында, Дүйнө чемпионатына арналган долбоор — быйыл ишке ашырылуучу ири иш-чаралардын бири.

"Алдыда футбол боюнча Европанын чемпионаты, Олимпиада оюндары, Канадада өтө турган хоккей боюнча Дүйнө кубогу бар. Атайын долбоордо 20 адам иш алып барат. Агенттиктин соцтармактарда аталган чемпионатка өзгөчө көңүл бурулары шексиз", — деди жетекчи.

Р-Спорт — Россиянын спорт жаңылыктарынын алдыңкы агенттиктеринен болуп саналат.

Андрей Стениндин элесине арналган көргөзмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Андрей Стенин атындагы сүрөт сынагы эмгектерди кабыл алууну токтотту
"Россия сегодня" ЭМА — дүйнөдөгү окуяларды ыкчам, салмактуу жана объективдүү чагылдырып, башкы окуяларга карата түрдүү көз караштар жөнүндө маалымат берип турууну башкы милдети катары көргөн эл аралык медиатоп. "Россия сегодня" ЭМА маалымат ресурстарынын катарын РИА Новости, Р-Спорт, РИА Недвижимость, РИА Рейтинг, ИноСМИ агенттиктери түзөт. "Россия сегодня" россиялык ЖМКлар арасында өзүнө шилтеме жасоолор жагынан алдыда туруп, өз брендине чет өлкөлөрдө таянууларды өстүрүүдө. Агенттик ошондой эле россиялык социалдык тармактарда жана блог тармагында да өзүнө шилтеме жасоолор жагынан алдыда келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0