БУУ: Карабах чатагынан каза болгондордун саны 33кө жетти

© Sputnik / Асатур Есаянц / Медиабанкка өтүүТоолуу Карабахта аскерлер. Архив
Тоолуу Карабахта аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык уюмдун алдын ала маалыматы боюнча жаракат алгандардын саны 200дөн ашышы мүмкүн.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Тоолуу Карабахта 2-3-апрель күндөрү жанданган чыр-чатактын кесепетинен 33 адам каза болуп, 200дөн ашууну жаракат алганы БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгынын отчетунда айтылат. 

"Армения менен Азербайжандын расмий булактары кагылышуудан 30 аскер кызматкери менен үч жай тургундун каза болгонун айтышкан. Жарадар болгондордун саны расмий түрдө тастыктала элек", — деп айтылат отчетто.

Бордюжа: Тоолуу Карабах чатагы саясий жол менен гана чечилет
Согуштук аракеттер Аздера, Мартуни жана Гадрут аймактарында жүрдү. Ал жакта 14,4 миң адам жашайт. БУУ эки тарап тең эл аралык гуманитардык жардамдан баш тартканын белгиледи.

Эскерте кетсек, 2-апрелде Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабахта кагылышуулар жанданганын жар салган. Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрү аткылай баштаганын айтса, Армения тарап Азербайжан баскынчылык аракетин баштады деп билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0