Карабахта Sputnik агенттигинин журналисттери аткылоонун алдында калды

© REUTERS / Vahram Baghdasaryan/PhotolureТоолуу Карабахтагы Мардакерт аймагы. Архив
Тоолуу Карабахтагы Мардакерт аймагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабахтын айынан 1988-жылдан бери чатакташып келет. Анда армян эли басымдуулук кылган Карабах автономиялуу облусу Азербайжандын курамынан чыкканын билдирген.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Тоолуу Карабахтагы Мардакерт аймагындагы Sputnik Армения агенттигинин журналисттери аткылоонун алдында калды.

Агенттиктин журналисттерин жергилктүү тургун Артавазд Мардакерт аймагынын жабыркаган жерлерин көрсөтөм деп үйүнө алып барган. Ал учурда үйдүн жанынан жардыроо орун алган.

"Камераларды таштап, батырак үйгө киргиле. Тасмага тарканды токтоткула, силер кайсы жерге келгениңерди түшүнбөй турасыңарбы!", — деп Артавазд журналисттерди үйүнө жашырган.

Жардыруулардан Sputnik Армения агенттигинин журналисттери жабыркаган эмес.

Мардакерт районун акими Владик Хачатряндын айтымында аткылоо чыгыш тараптан жасалууда.

"Атышуу болуп жаткан жерден тынч жарандарды жана жаш балдарды алып чыгып кетүү чаралары көрүлүүдө", — дейт Хачатрян.

Азербайжан түндө чек араны бойлой жайгашкан айылдар аткылоого кабылганын билдирди
Армения менен Азербайжан Карабах аймагында абалдын курчуп жатканын жар салышкан. Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрү аткылай баштаганын айтса, армениялык тарап Азербайжан баскынчылык аракетин баштады деп билдирди.

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабахтын айынан 1988-жылдан бери чатакташып келет. Анда армян эли басымдуулук кылган Карабах автономиялуу облусу Азербайжандын курамынан чыкканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0