Түркиядагы жардыруудан алты аскер адамы каза болду

© REUTERS / Murad SezerТүркия полиция кызматкерлери. Архив
Түркия полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркия аскерлери Нусайбин шаарындагы үйлөрдүн бирине киргенде күрд козголоңчулары койгон бомба жарылган.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Түркиянын Нусайбин шаарындагы жардыруудан алты аскер каза болду. Бул тууралуу РИА Новости DHA агенттигине таянуу менен жазып чыкты.

Агенттиктин айтымында, Түркия аскерлери Нусайбин шаарындагы үйлөрдүн бирине киргенде күрд козголоңчулары койгон бомба жарылган. 2015-жылдагы күрд козголоңчуларынын баш көтөрүүсүнөн улам, Түркиянын 350 аскер жана полиция кызматкерлери каза болгон. 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бул убакыт ичинде беш миң күрд козголончулары каза болгонун айтканы менен, күрддөргө ыктаган Элдик демократиялык партиясы жүзгө чукул тынч жашоочулар каза болгонун айтышууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0