Немистердин атайын кызматы эл аралык уюмдарга карата тыңчылык кылган

© AP Photo / Herbert KnosowskiШтаб квартира внешней разведки Германии, BND. Архивное фото
Штаб квартира внешней разведки Германии, BND. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2013-жылдан тарта BND жетекчилиги Европа биримдигинин жана НАТОнун өнөктөштөрүнө карата тыңчылык аракеттерди жасоого тыюу салуу чечимин кабыл алган. Бирок, айрым "багыттар" боюнча аңдуу иштери улантылып жатканын немис басылмасы белгилейт.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Немистердин BND чалгындоо кызматы Израилдин өкмөтүнө, Австрия менен Бельгиянын ички иштер министрлигине, Улуу Британиянын коргоо министрлигине, ошондой эле ОПЕК менен Эл аралык валюта фондуна тыңчылык кылганын Spiegel басылмасына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дастан Сарыгулов УКМКга алып келинди
Андан сырткары, BND АКШдагы космостук НАСА агенттигине жана U.S. Air Force аскердик-аба күчтөрүн дагы аңдыган. Немистердин чалгындоо кызматы АКШнын мамлекеттик департаментин жана Европа мамлекеттеринин элчиликтерин да "бутага" алган.

2013-жылдан тарта BND жетекчилиги Европа биримдигинин жана НАТОнун өнөктөштөрүнө карата тыңчылык аракеттерди жасоого тыюу салуу чечимин кабыл алган. Бирок, айрым "багыттар" боюнча аңдуу иштери улантылып жатканын немис басылмасы белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0