Пальмираны калыбына келтирүүгө дүйнөдөгү 60ка чукул уюм кол сунду

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПальмирадагы объектилер. Архив
Пальмирадагы объектилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сириянын Пальмирасындагы талкаланып калган тарыхый эстеликтерди калыбына келтирүүгө канча акча кетээри белгисиз.

БИШКЕК, 1-апр.— Sputnik. Дүйнөдөгү алтымышка жакын уюмдар ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча тизмесине катталган Пальмирадагы объектилерди калыбына келтирүүгө жардам берүүгө даяр. Бул туурасында бүгүн Хомс провинциясынын губернатору Талал Аль-Барази журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүДүйнөдөгү алтымышка жакын уюмдар ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча тизмесине катталган Пальмирадагы объектилер.
1/4
Дүйнөдөгү алтымышка жакын уюмдар ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча тизмесине катталган Пальмирадагы объектилер.
© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүДүйнөдөгү алтымышка жакын уюмдар ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча тизмесине катталган Пальмирадагы объектилер.
2/4

3/4

Дүйнөдөгү алтымышка жакын уюмдар ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча тизмесине катталган Пальмирадагы объектилер. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Дүйнөдөгү алтымышка жакын уюмдар ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча тизмесине катталган Пальмирадагы объектилер.
1/4
Дүйнөдөгү алтымышка жакын уюмдар ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча тизмесине катталган Пальмирадагы объектилер.
2/4
Дүйнөдөгү алтымышка жакын уюмдар ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча тизмесине катталган Пальмирадагы объектилер.
3/4
Дүйнөдөгү алтымышка жакын уюмдар ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча тизмесине катталган Пальмирадагы объектилер.
4/4
Дүйнөдөгү алтымышка жакын уюмдар ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча тизмесине катталган Пальмирадагы объектилер.

Аталган шаарды согушкерлер 2015-жылы май айында басып алышкан. Шаарда ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген тарыхый алты объект бар болчу. Жекшемби күнү, 27-мартта сириялык армия менен элдик кошуундардын "Чөлдүн шумкарлары" деп аталган тобу Пальмираны "Ислам мамлекети" террористтик тобунан тазалаган. 

"Тарыхый эстеликтер башкармалыгы эл аралык уюмдар менен кызматташып жана келтирилген чыгымды эсептеп жатат. Учурда тарыхый эстеликтерди калыбына келтирүү боюнча дүйнөнүн 60ка жакын уюмдарынан сунуштар түштү. Бул эстеликтер адамзат цивилизациясы үчүн баа жеткис байлык эмеспи", — деди Аль-Барази.

Сириянын маданият министри: Пальмирадагы эстеликтер калыбына келтирилет
Ал калыбына келтирүү үчүн кете турган каражаттын суммасына так айтыш азырынча кыйын экендигин, бирок, өкмөт бул үчүн тиешелүү каражатты бөлүп бере тургандыгын кошумчалады.

Пальмиранын тарыхый келбетин калыбына келтирүү үчүн шаарга коюлган миналарды тазалап чыгуу зарылдыгы турат. Чиновник, бул иштерди россиялык адистерсиз аткарууга мүмкүн эмес экендигин айтты.

"Азыр сириялык саперлордун ишинин аякташын жана андан сырткары россиялык достордун келишин күтүп жатабыз. Алар алгач, "Ислам мамлекети" коюп кеткен жолдогу миналарды зыянсыздандырганга жардам берет. Кудай буюрса, бул процесс бүтүп калса, калган түзүмдөр өдөрүнүн иштерин баштай берет", — деди ал.

Ал пальмиралыктар өз шаарына кайтып келет деген ишенимде турганын, калааны калыбына келтирүүдө сириялык бийликтин тажрыйбасы бар экендигин айтты.

"Бизде бул боюнча тажрыйбабыз бар. Байыркы шаар Хомс жана Алхосон азыр 40 пайызга жакын калыбына келтирилди. Мектептер иштеп баштап, инфратүзүм калыбына келгендиктен, шаардыктар үйлөрүнө кайтып келди. Пальмираны калыбына келтирүү иштери башталгандан кийин бир ай өтпөй эле шаардыктар кайтып келе баштайт деп турабыз", — деди губернатор.

Согушкерлер шаардагы диний ишенимдерге байланыштуу бардык курулуштарды талкалашкан. Анын ичинде Бэла жана Баалшамин храмы, байыркы шаардын калдыктары бар. Андан сырткары Пальмирадагы улуттук музей тонолуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0