Көмгөнгө жер жетпей, Пекин акыркы сапарга узатуунун экологиялык жолун сунуштап жатат

© flickr.com / poeloqКытай мамлекетинин желеги. Архив
Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер жетишпегендиктен улам жана калаанын айлана-чөйрөсүн булгануудан сакташ үчүн шаар бийлиги маркумду акыркы сапарга узатуунун экологиялык жолун тандагандарга демөөрчүлүк кылууну сунуштап жатат.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Пекиндин өкмөтү туугандары каза болгон шаардыктар маркумду акыркы сапарга узатуунун экологиялык жолун тандоого багыттай турган бир топ иш-чараларды пландап жатат. Бул туурасында Синьхуа маалымат агенттиги жазды.

Пекиндеги Жарандар боюнча иш алып барган администрациянын өкүлү Ли Хуэй бул багытта атайын иштер жүргүзүлүп баштагандыгын билдирди.

Анын айтымында, шаардыктарга каза болгон жакындарын көмүү үчүн чакан жер алууга же акыркы сапарга узатуунун экологиялык жолун тандай тургандай шарттар сунушталмакчы. Ал — киши каза болгондон кийин сөөгүн өрттөп, күлүн деңиздин үстүнө же дарактардын түбүнө чачып жиберүү жолу. 

"Бул жер жетишпегендиктен жана шаардын айлана-чөйрөсүн булгануудан сакташ үчүн жасалып жатат", — деген Ли Хуэй.

Карыган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлгөнгө шарт жок. Кыргызстанда сөөк көмүү канча турат
Пекин өкмөтү каза болгон тууганынын сөөгүн өрттөп, күлүн деңизге сээп жиберүүгө макул болгондорго маркумдун акыркы сапарга узатуу зыйнатына төрт миң юань (611 долларга жакын) каражат төлөп бермей болду.

Синьхуа 2015-жылы пекиндиктердин 46 пайызы маркумду акыркы сапарга узатуунун экологиялык таза жолун тандагандыгын билдирди. Өкмөт бул көрсөткүчтү 2020-жылы 50 пайызга жеткирүүнү жана сөөктү өрттөөнүн сапатын жакшыртууну көздөп жатат.

Февралдын аягында өлкөнүн тогуз ведомствосу маркумду акыркы сапарга узатуунун экологиялык жолунун эрежелерин жарыялады. Документте өлгөн кишинин жакындары аны экологияга зыян кылбай жайына берүүгө милдеттүү экендиги айтылган. Дагы бир талап — алар жаңы тартипти сакташы керек, тагыраагы, жакынын көмүүгө жердин чакан гана бөлүгүн тандашы зарыл. Ал эми эрежелерди сактабагандар, жазаланаары белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0