"Карлсон" мультфильминин жаратуучусу каза болду

Жазылуу
Юрий Бутырин "Дюймовочка", "Карлсон", "Конек-Горбунок", "По следам бременских музыкантов" (Бремен музыканттарынын изи менен) мультфильмдеринин сүрөтчү-мультипликатору болуп иштеген.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. 87 жаш курагында режиссер жана сүрөтчү-мультипликатор Юрий Бутырин каза болду. 

Мемориал в аэропорту Ростова-на-Дону, посвященный погибшим при крушении пассажирского самолета Boeing-737-800. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсыктан каза болгон Насирдинованын туугандары Бишкекке кайтышты
Ал 50-жылдары "Союзмультфильм" окуу жайын аяктаган. Билим алган соң "Дюймовочка", "Хочу бодаться" ("Сүзүшкүм келет"), "Карлсон", "Конек-Горбунок", "По следам бременских музыкантов" ("Бремен музыканттарынын изи менен") мультфильмдеринин сүрөтчү-мультипликатору болуп иштеген. 

70-жылдары Бутырин "Экран" бирикмесинин режиссеру болуп иштеп турганда "Ну, погоди!" ("Сениби, шашапа!"), "Трям, здравствуйте", ("Трям, саламатсызбы") "Нехочуха", "Большой Ух" ("Чоң Ух") тасмаларынын жаратуучуларын бири болгон. 

90-жылдары Бутырин "Незнайка на Луне" ("Айдагы Незнайка") мультфильминин режиссеру болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0