Sputnik Латвия .com домени менен иштей баштады

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүSputnik маалымат агенттигинин логотиби. Архив
Sputnik маалымат агенттигинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ аталган агенттик.lv домендик зонада ресурстун жабылышы тууралуу расмий билдирме алган.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Латвия бийлигинин күтүүсүздөн Sputnik Латвия порталын.lv домен аймагында жапканына байланыштуу Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу.com домени менен интернет айдыңында орус жана латыш тилдеринде порталдын жаңы ресурсун ишке киргизгенин белгилейт.

Аталган портал мурункудай эле жергиликтүү жана эл аралык маанилүү окуялар, ар кыл пикирлер менен тааныштыруусун уланта бермекчи. Мындан тышкары, iOS жана Android платформасында латыш жана орус тилдеринде мобилдик тиркемелер жеткиликтүү болот.

Соцтармактын колдонуучулары "Мен митингдерге каршымын" акциясын уюштурушууда
Эскерте кетсек, 29-мартта Sputnik Латвия агенттиги.lv домендик зонада ресурстун жабылышы тууралуу расмий билдирме алган. Анда sputniknews.lv доменин каттоо Украинанын эгемендигине жана көз карандысыздыгына залал келтирүүчү коркунучтардан улам чектөө чаралары тууралуу Евробиримдик Кеңеши кабыл алган токтомдун шарттарын бузуу болуп саналары айтылган. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0