ЖМК: ИМ Түркиянын бала бакчаларына чабуул даярдап жатат

© flickr.com / KLMirceaЖМК: ИМ Түркиянын бала бакчаларына чабуул даярдап жатат
ЖМК: ИМ Түркиянын бала бакчаларына чабуул даярдап жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британиянын телеканалынын айтымында, чабуулдар жакынкы күндөргө пландаштырылган.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террористтик уюму жакын арада еврей улутундагы балдар тарбияланып келген бала бакчаларга чабуул даярдап жатканын британиялык Sky News телеканалына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Чалгын кызматындагы булак жакынкы күндөрү терактылар мектептерде, бала бакчаларда жана жаштар борборлорунда боло турганын белгилеген.

"Мунун алкагында коопсуздукту камсыздоо боюнча өзгөчө чаралар көрүлүп жатат. Иш күн-түн дебей жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул маалымат өткөн аптада Түркиянын Газиантеп шаарында кармалган ИМдин алты согушкеринен алынган.

Атайын кызмат террорчулар бутага Стамбул шаарында жайгашкан синагога алынышы мүмкүн экенин белгилөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0