ЮНЕСКО: Пальмираны калыбына келтирүү үчүн дүйнө коомчулугу биригиши керек

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүБайыркы Пальмира шаарындагы эстеликтер. Архив
Байыркы Пальмира шаарындагы эстеликтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай пикирин ЮНЕСКОнун маданият маселелери боюнча тобунун жетекчиси Жованни Боккарди билдирди. Ал ошондой эле, Пальмираны билген эксперттирди топтоп, талкаланган шаардык калыбына келтирүүдө чогуу иштгөөгө чакырды.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Байыркы Пальмира шаарын жана анын калдыктарын калыбына келтирүү үчүн дүйнө коомчулугу биргелишип иш жасоосу керек. Мындай пикирин ЮНЕСКОнун маданият маселелери боюнча тобунун жетекчиси Жованни Боккарди билдирди.

"Шаарды калыбына келтирүү үчүн эл аралык эксперттерди тартышыбыз керек. Себеби, дал ушул Пальмирада археологиялык экспедициялар жүргүзүлөт. Аны калыбына келтирүү адамзат үчүн абдан маанилүү. Андыктан ага дүйнө коомчулугу жапа тырмак аракет кылышы кажет", — деген пикирин ал Sputnik маалымат агенттигине маалымдаган.

Ал ошондой эле шаарды калыбына келтирүүдө Пальмира шаарын билген бардык эксперттер тартыла турганын белгиледи.

Сириянын маданият министри: Пальмирадагы эстеликтер калыбына келтирилет
Сириянын армиясы Пальмира шаарын "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлеринен толугу менен бошотту. Аталган шаарды согушкерлер 2015-жылды май айында басып алышкан. Шаарда ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген курулуштар бар болчу.

Согушчандар шаардагы диний ишенимдерге байланыштуу бардык курулуштарды талкалашкан. Анын ичинде Бэла жана Баалшамин храмы, байыркы шаардын калдыктары бар. Андан сырткары Пальмирадагы улуттук музей тонолуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0