ТИМ: Лахордогу терактыдан КР жарандары жабыркаган жок

© REUTERS / MOHSIN RAZAСпасатели на месте взрыва в городе Лахор на востоке Пакистана
Спасатели на месте взрыва в городе Лахор на востоке Пакистана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардыруунун жоопкерчилигин "Талибан" кыймылына жакын топ моюндады.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Пакистандын Лахор шаарындагы жардыруудан жабыркагандардын арасында кыргызстандык жарандар катталган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Атамбаев адам өлүмүнө алып келген терактыдан улам Пакистандын президентине көңүл айтты
Эскерте кетсек, 27-март күнү кечинде шаардын "Гүлшан Икбаль" паркында жардыруу болуп, учурда каза болгондордун саны 70тен ашканы, анын 23ү — балдар экени айтылууда. Мындан тышкары, 300дөн ашуун адам жаракат алган. Полиция терактыны ишке ашырган жан кечти диний окуу жайда сабак берген 28 жаштагы мугалим экенин маалымдады.

Министрлик элчилик учурда жабыркагандардын арасында консулдук учетко алынбаган КР жарандарынын бар-жогун иликтеп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0