Сириянын маданият министри: Пальмирадагы эстеликтер калыбына келтирилет

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПальмира шаарындагы ураган эстеликтер. Архив
Пальмира шаарындагы ураган эстеликтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согушкерлер диний ишенимдерге байланыштуу бардык нерселерди талкалашып, Пальмира музейи тонолгон. Маданият министри согушкерлер шаарды басып алганга чейин артефактын айрымдары чыгарылып кеткенин билдирди.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Согушкерлерден тартып алынган байыркы шаардагы эстеликтер калыбына келтириле турганын Сириянын маданият министри Исам Халиль Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Сириядагы автоматчан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош милициясы: Сирияга барып согушкер болгондордун орду түрмөдө
Сириянын армиясы жекшемби күнү Пальмира шаарын "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлеринен толугу менен бошотту. Аталган шаарды согушкерлер 2015-жылды май айында басып алышкан. Шаарда ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген курулуштар бар болчу.

Согушчандар шаардагы диний ишенимдерге байланыштуу бардык курулуштарды талкалашкан. Анын ичинде Бэла жана Баалшамин храмы, байыркы шаардын калдыктары бар. Андан сырткары Пальмирадагы улуттук музей тонолуп кеткен.

"Келтирилген чыгымдарды эсептеп чыгабыз. Талкаланган эстеликтерди калыбына келтирип, баштапкы көрүнүшүнө келтирүүгө аракет кылабыз", — дейт министр.

Ал ошондой эле, айрым эстеликтерди согушкерлер басып киргенге чейин алып чыгып кетүүгө мүмкүн болгонун айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0