Социалдык тармактар адамдарды депрессияга кабылтат

© Sputnik / Табылды КадырбековЛоготипы популярных социальных сетей. Архивное фото
Логотипы популярных социальных сетей. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөчүлөр 19 жаштан 32 жашка чейинки 1,7 миң адамды изилдеп көрүштү. Алардын айтымында бул курактагы адамдар социалдык тармактарда канчалык көп отурса, депрессияга кабылуу коркунучу жогору.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары депрессияга көп кабылары тууралуу The Independent агенттиги жарыялаганын РИА Новости жазып чыкты. 

Питсбург университетинин Медициналык мектебиндеги изилдөөчүлөрдүн айтымында, социалдык тармактарга көп убактысын жумшаган адамдар депрессияга түшүү коркунучу жогору экенин айтышат. 

Психологдор бактылуу болуунун сырын айтып беришти
Изилдөөгө 19 жаштан 32 жашка чейинки 1787 америкалыктар катышкан. Алар күнүнө 61 мүнөт убактысын социалдык тармактарга жумшашары белгилүү болуп, төрттөн бир бөлүгү депрессияга көп кабылары байкалган. 

Изилдөөчүлөрдүн башында турган Брайан Примак The Independent агенттигине "Facebook-депрессиясы" тууралуу айтып берди. 

"Социалдык тармактарга көп убактысын бөлгөн адам башка адамдардын жакшынакай, кооз сүрөттөрүн көрүп өзүн бактысыз, ийгиликсиз адам катары сезиши мүмкүн", — дейт Примак. 

Анын айтуусунда, социалдык тармактарга такыр кирбей коюу дагы туура эмес. Болгону, оң жана терс жактарын эстеп коюу керек дейт ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0