Брюсселде террордук чабуул жасоого шектелген алты адам кармалды

© REUTERS / FRANCOIS LENOIRБрюссельдеги аэропорттогу жардыруу. Архив
Брюссельдеги аэропорттогу жардыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция ыкчам-издөө иштерин Жетте жана Скарбек аймактарында жүргүзгөн. Атайын операцияга тик учактар менен спецназ тартылган.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү кечинде Брюсселдин эки аймагынан террордук чабуул жасоого шектелген алты адам кармалды. Бул тууралуу Libre Belgique агенттиги жарыялаганын РИА Новости жазып чыкты. 

Ислам мамлекети террордук уюмунун желегин кармаган согушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
ММК: "Ислам мамлекети" Европага кол салуу үчүн 400 согушкер даярдады
Журналисттердин маалыматына ылайык, Жетте жана Скарбек аймактарында полиция тарабынан ыкчам-издөө иштери жүргүзүлгөн. 

RTBF телерадиокомпаниясы билдиргендей, согушкерлерди аныктоо максатында полиция спецназы менен вертолеттор ишке кирген. Жыйынтыгында, шаардын борборунда жайгашкан федералдык прокуратуранын жанында турган автоунаанын ичинен үч шектүү адам кармалган. 

Кийин, Бельгиянын федералдык прокуратурасы алты адам кармалгандыгын тастыктаган. 

"Кармалгандарга карата чечим эртең чыгарылат", — деп мамлекеттик айыптоочу тарап расмий билдирүүсүн жарыялады. 

Эске салсак, Брюсселдин эл аралык аэропортунда 22-март күнү эки жардыруу болду. Үчүнчү жардыруу ошол эле күнү метродогу "Мальбек" станциясында катталган. Кризистик борбордун маалыматы боюнча жардыруудан 31 адам каза таап, 316 адам ар кандай жаракат алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0