Окумуштуулар ракты кандын анализи аркылуу аныктоо жолун табышты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКан текшерүү борбору. Архив
Кан текшерүү борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздордун айтуусу боюнча, ар бир бейтап үчүн биопсия процедурасына караганда, кан тапшырып коюу ыңгайлуу.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Сибирь окумуштуулары ракты кандын анализи аркылуу аныктоо жолун табышты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окумуштуулар жаңы ыкманы патенттеген.

"Нормага ылайык бардык клеткалар клеткалар аралык мейкиндикке экзосомаларды бөлүп чыгарат. Экзосома — бул 30-100 нанометр көлөмүндөгү бөлүкчөлөр болуп эсептелет. Алар кан аркылуу организмге жеткирилет. Адам ооруган маалда алардын курамы өзгөрөт", — деп билдиришет окумуштуулар.

Алардын айтымында, онкологиялык ооруга кабылган адамдардын клеткалары бөлүп чыгарган экзосомалар шишиктин чоңоюшуна таасир этет. Мындан сырткары адамдын иммунитети начарлап, организм алсыз абалга келет.

"Биз аныктаган ыкма клиникалык практикада колдонула баштайт деген үмүтүм бар. Бирок, кең чөйрөдө колдонулушу үчүн дагы изилдөөлөрдү жүргүзүү керек", — деп билдирет Россия илимдер академиясынын Фундаменталдык Медицина жана Химиялык биология институтунун илимий кызматкери Светлана Тамкович.

Анын айтуусу боюнча, ар бир бейтап үчүн биопсия процедурасына караганда, кан тапшырып коюу ыңгайлуу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0