БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. All Nippon Airways (ANA) компаниясынын компьютерлер системасынын иштен чыгышы шейшемби күнү Япониянын ондогон аба майдандарында 87 рейсти токтоттуу. Анын кесепетинен он миңдеген жүргүнчүлөр ара жолдо же учпай калды деп билдирди Киодо агенттиги.
Авиакомпаниянын маалыматына таянсак, көйгөй алардын убактысы боюнча, эртең мененки сегизде башталган. Жүргүнчүлөрдү каттоо жана билеттерди интернет аркылуу брондоо үзгүлтүккө учураган.
ANA жүргүнчүлөрдөн кечирим сурап, компьютерлердин эмнеден улам иштен чыккандыгын иликтеп жаткандыгын билдирди.
Киодо агенттигинин маалыматында, ANA колдонгон система менен иштеген япондук төрт аба аркылуу жүк ташыган ири компания бул капыстыктан улам жүктөрүн өз учурунда көздөгөн жерлерине жеткире албай калышкан.