Пакистанда автобус жарылып, 15 киши каза болду

© REUTERS / Fayaz AzizПакистандын түндүк-батышында автобустун жарылуу болгон жай.
Пакистандын түндүк-батышында автобустун жарылуу болгон жай. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Терактыдан мамлекеттик кызматкерлердин набыт кеткени айтылууда. Мындан тышкары, кырсыктан көп адам жарадар болгон. Бомба автобустун ичине коюлган деген божомолдор бар.

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Пакистандын түндүк-батышында автобустун жарылуусунан кеминде 15 адам каза болгонун Рейтер агенттигине таянуу менен РИА Новости билдирди. 

Элчилик: Анкарадагы жарылуудан каза болгондордун тизмесинде кыргызстандыктар жок
Жергиликтүү маалымат каражаттары окуя бүгүн эртең менен автобус Мардан шаарынан Хайбер-Пахнутнхва провинциясын көздөй бара жатканда болгон. Каза болгондордон тышкары, кырсыктан бир нече ондогон адамдын жабыр тартканы айтылууда.

Dawn басылмасынын билдирүүсүндө жардыруучу түзүлүш автобустун ичине орнотулган.

Азырынча кырсыктын жоопкерчилигин аймактагы бир да террористтик топ моюндай элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0