Путиндин Сириядагы аскер күчтөрүн алып чыгуу буйругу АКШга күтүүсүз жаңылык болду

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүСириядагы Россиянын аскерлери. Архив
Сириядагы Россиянын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти 15-марттан тарта Сириядагы аскер күчтөрүнүн негизги тобун алып чыгуу боюнча өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгуга буйрук берген.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путиндин 15-марттан тарта Сириядагы аскер күчтөрүнүн негизги тобун алып чыгуу буйругу АКШнын Ак үйүндөгүлөргө күтүүсүз жаңылык болду деп жазат РИА Новости Politico гезитине таянуу менен.

Маалыматка ылайык, Ак үйдүн маалымат катчысы Джош Эрнест бирифинг учурунда журналисттердин аталган буйрук боюнча берген суроосунан кайсалактаган. Мындан сырткары гезиттин айтымында Ак үйдөгү атка минерлер тез арада Россиянын бул кадамы боюнча кененирээк маалымат чогултууга шашылган. 

"Биз Россиянын президенти Владимир Путиндин 15-марттан тарта Сириядагы аскер күчтөрүнүн негизги тобун алып чыгуу боюнча берген буйругун угаар замат кененирээк маалымат алуунун аракетиндебиз", — деген Ак үйдүн атка минеринин сөзүн гезит жазып чыккан. 

Путин 15-марттан тарта Сириядагы Россиянын аскер күчтөрүнүн негизги тобун алып чыгуу боюнча өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгуга буйрук берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0