АКШ соту Иранды 11-сентябрда өлгөндөрдүн туугандарына акча төлөп берүүсүн милдеттендирди

© AFP / HENNY RAY ABRAMS11 сентябрда Нью-Йорк шаарында жанкечти тарабынан кыйраган имараттар
11 сентябрда Нью-Йорк шаарында жанкечти тарабынан кыйраган имараттар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражаттын бир бөлүгү камсыздандыруу уюмдарына берилет. Мындай чечим Иран каргашалуу окуяга тиешеси жок экенин далилдей албаганынан улам чыккан.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Нью-Йорк шаарынын Федералдык соту Иранды 2001-жылдын 11-сентябрында каза болгондордун туугандарына 10,5 миллиард доллар төлөп берүүгө милдеттендиргенин Bloomberg басылмасы билдирди.

Мындай чечим Иран каргашалуу окуяга тиешеси жок экенин далилдей албаганынан улам чыккан.

Керри: Россия менен АКШ Сириядагы террорчуларга каршы күрөшүү системасын түзөт
Каражаттын айрым бөлүгү материалдык зыянга учураган камсыздандыруучу уюмдарга берилет.

Көз жумгандардын үй-бүлөсүнө 7,5 миллиард доллар төлөнүп, ар бирине 8,8 миллион доллардан тиери айтылууда.

Адамзаттын тарыхындагы каргашалуу окуя 2001-жылы 19 жанкечти тарабынан жасалган. Анын кесепетинен 2973 адам набыт кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0